Араван районунун Дөбө-Коргон айыл аймагындагы беш көчөгө жана маданият үйүнө жаңы түнкү жарыктар орнотулду. Х.Исмаилов, Абшай-Ата, А.Тажибаев, М.Курбанов жана М.Умаров көчөлөрүнө, ошондой эле Кайрагач-Арык айылында жайгашкан маданият үйүнө түнкү жарыктар орнотулган.
Жарыктандыруу иштерине жалпысынан 328 миң сом сарпталган. Анын ичинде 228 миң сом жергиликтүү бюджеттен, 100 миң сом элдын салымынан каржыланган. Жалпысынан 200 даана түнкү жарык орнотулду.
Буга чейин аталган көчөлөрдөгү түнкү жарыктар иштен чыгып, жараксыз абалга келген. Учурда алардын ордуна жаңы жарыктар коюлду.


